Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №10/1
Бириктирилген Куйручук-Кызарт айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Куйручук-Кызарт айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1.Жаӊы-Арык жана Куйручук айыл аймактарын бириктирип, Жаӊы-Арык айылын административдик борбор деп аныктоо менен Куйручук-Кызарт айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин;
2. Бириктирилген Куйручук-Кызарт айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин;
3.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин токтомун белгиленген тартипте Жумгал райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акматалиева |