Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 12-июну №11/2
Соң-Көл муниципалдык ишканасынын карамагындагы атайын техникалык тарифтерин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кайрылуусун карап, депутаттардын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1) жүк жүктѳѳчү атайын техникасы (погрузчик) үчүн:
- жер түздѳѳ, короо-жай жана турак үйлѳрдүн ордун тазалап берүү үчүн 1 саатка 5000 сом, майы ичинде;
- Кум-шагыл, таштандыларды жана малдын кыгын менчик Камаз автоунаасына жүктѳп берүү 1000 сом, ЗИЛ автоунаасына жүктѳп берүү 700 сом, ГАЗ-53 автоунаасына жүктѳп берүү 500 сом, майы ичинде
2) эскаватор үчүн:
1) Таза суунун жана кир суу агып кетүүчү траншеяларды казуу – 1 метр узундуктагы жер үчүн 250 сом, майы ичинде;
2) Септиктин аңын казуу үчүн –2000 сом, майы ичинде;
3) мини-ХоВо автоунаасы үчүн:
1) Кум-шагыл, малдын кыгын жана таштанды ташып берүү – 1 рейс үчүн 1500 сом, майы ичинде;
Эскертүү: жүктѳлгѳн жүктү ташып жеткирип берүүдѳ аралыктын алыс жакындыгына жараша баасы ѳзгѳрүшү мүмкүн.
4) Шакман автоунаасы үчүн:
1) Кум-шагыл, малдын кыгын жана таштанды ташып берүү – 1 рейс үчүн 3000 сом, майы ичинде;
Эскертүү: жүктѳлгѳн жүктү ташып жеткирип берүүдѳ аралыктын алыс жакындыгына жараша баасы ѳзгѳрүшү мүмкүн.
Төрага | М. Акматалиева |