Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 12-июну №11/3
Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшкөн акча каражатын беренелерге бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, республикалык бюджеттен айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкѳн 5654100 сом акча каражатын беренеге олтургузуу боюнча Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшкѳн 5654100 сом акча каражаты тѳмѳндѳгү беренеге олтургузулсун:
22154900 беренеси боюнча – Айыл аймагындагы айылдардын ген.планын жасатуу үчүн – 5654100 сом.
Жалпы: 5654100 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акматалиева |