Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 12-июну №11/4
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы кабыл алынган бюджетинин кээ бир беренелери боюнча бѳлүнгѳн акча каражатын башка беренелерге жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы кабыл алынган бюджетинин беренелерге бѳлүнгѳн каражаттарынын ичинен, тѳмѳндѳгүдѳй башка беренелерге жылдырылсын:
2. АУПтун 2215 беренеси боюнча “Базар-Турук” БДРнин документациясын жазатуу үчүн бѳлүнгѳн 600,0 миң сом акча каражатынын ичинен 230,0 миң сом акча каражаты “Абдыкерим” БСР тазалоо боюнча долбоор Жумгал райондук ѳнүктүрүү фондуна ѳткѳндүктѳн, долбоордун ѳздүк салымы үчүн 2215 беренесине жылдырылсын;
3. АУПтун 2215 беренеси боюнча бала бакчанын сметасына жана кагаз иштерин бүткѳрүүгѳ бѳлүнгѳн 250047 сом акча каражаты, Куйручук айылындагы “Алтын ай” 3 сааттык бала бакчасынын айланасын жана Базар-Турук айылындагы жаңы уюштурулуп жаткан “Базар-Турук” бала бакчасынын айланасын тосуу үчүн 2222 беренесине жылдырылсын;
4. Билим берүүдѳгү 2215 беренеси боюнча А.Идинов атындагы орто мектебине келген долбоордун ѳздүк салымы үчүн бѳлүнгѳн 148687 сом акча каратынын ичинен 100,0 миң сом акча каражаты Жаңы-Арык айылынын А.Идинов атындагы орто мектебинин окуучусу Карыпбеков Адил Таиланд ѳлкѳсүнѳ эркин күрѳш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатына катышууга бара жаткандыктан, жаш спортчуну колдоо максатында авиа билетин сатып алуусуна кѳмѳк катары АУПтун 2211 беренесине жылдырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акматалиева |