Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 12-июну №11/6
Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы жайыт маселелелери боюнча тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагыдагы жайыт маселелери боюнча тѳмѳндѳгүдѳй тарифтер бекитилсин:
- туризм тармагында иш алып барган жеке ишкерлер тиккен ар бир боз үй үчүн – 4000 сом, бир сезонго (ашкана үчүн тигилген боз үйлѳргѳ алынбайт);
- Ичке-Кызарт жайлоосунда соода-сатык менен алектенгендердин ар бир боз үйү жана вагондору үчүн – 2000 сом, бир сезонго
- жайыт жерлерге боз үйлѳрдү сактоого коюлган контейнерлер үчүн чоң кичинесине жараша 4000 сомдон, 6000 сомго чейин, бир жылга;
- коюлган темирден жана жыгачтан жасалган чакан үйлѳргѳ (домпалатка) – 2000 сом бир сезонго
- кой-эчкилер үчүн – 20 сом, 1 жылга (тѳлүнѳ алынбайт)
- бодо малдарга (жылкы, уй) – 100 сом, 1 жылга (тѳлүнѳ алынбайт)
- топозго – 300 сом, 1 жылга
2. Куйручук-Кызарт айыл аймагынан сырткары аймактарда факт жүзүндѳ жашап, малын алып келип бактырса, алардын малдары үчүн 2 эсе жогорулатылган тарифтер менен эсептелинсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановго, жайыт боюнча инспекторлорго (К.Чокоев, Жайлообек уулу Чыныбек) тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акматалиева |