Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-октябрындагы № 33/VIII–VI–1
Жер участогунун ижара акысын бекитүү жөнүндө
Орто айылдык кеңешинин 2007-жылдын 13-февраль айындагы ЖЧК “Терра-Компани” пайдаланган жер тилкесинин ижара акысын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, учурдагы баалардын өсүшүн (инфляция) эске алып, Орто айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин толтуруу максатында жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. Орто айыл аймагында ЖЧК “Терра-Компани” пайдаланып жаткан жер тилкесинин ижара акысынын өлчөмү айына 7,0 (жети) миң сомдон бекитилсин.
2. ЖЧК “Терра-Компани” ар бир айдын 30-числосунда, 7,0 (жети) миң сомдон Орто айыл өкмөтүнүн эсебине төлөмдөрдү жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Момуналиевге жүктөлсүн.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |