Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-августундагы № 26/VIII–1
«Тельман айылына ФАП жана мечит курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө»
Орто айыл аймагынын Тельман айылынын генералдык планыбоюнча К.Жумагулов атындагы орто мектептин карамагына тиешелүү жер участогуна ФАП жана мечит куруу максатында, 2022-жылдын 18-август айындагы иштелип чыккан курулуш долбоорун эске алып жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июль айындагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча” Мыйзамынын 21-беренесинин 4-пунктуна таянып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. К.Жумагулов атындагы орто мектептин карамагына тиешелүү колдонулбай жаткан жерине ФАП жана мечит курууга жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Тельман айылынын генералдык планына өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Момуналиев тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен Мыйзам чегинде макулдашууларды жүргүзүп иш алып барсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдетин өзүмө калтырамын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |