Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-октябрындагы № 36/VIII–VI–5
Жер участогун которуу (трансформация) жөнүндө
Панфилов райондук жер комиссиясынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы корутундусун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Панфилов филиалынын 2022-жылдын 10-октябрь айындагы №260 корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 13 жана 14-пункттарын жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. Орто айыл аймагынын №1743 контурундагы, жалпы аянты 0,50 га жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын жайыт жерлер түрүнөн айыл чарба эмес түрүнө (курулуш алдындагы жерлер) которулушуна макулдук берет.
2. Кабыл алынган токтом Орто айыл өкмөтү тарабынан эске алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |