Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-октябрындагы № 36/VIII–VI–6
Жер участогун которуу (трансформация) жөнүндө
Панфилов районунун, Абдыкадыр көчөсүнүн, №10 үйүнүн тургуну Жанатбек уулу Эрнистин 2020-жылдын 31-декабрындагы “Мал сарай салганга жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүч” арызын карап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 13 жана 14-пункттарын жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. Орто айыл аймагынын №1755 контурундагы, жалпы аянты 0,50 га жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын жайыт жерлер түрүнөн айыл чарба эмес түрүнө (курулуш алдындагы жерлер) которулушуна макулдук берет.
2. Кабыл алынган токтом Орто айыл өкмөтү тарабынан эске алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |