КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-октябры №37
Мал чарба өнүктүрүү максатында кашаржана чабан үй куруу боюнча Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынынжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу жобону карап коруп, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кашар жана чабан үй куруу үчүн Калба айыл аймагынын административдик чегиндеги «Жоондөбө» участогунун №1117 чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 0,10га жер участогун «Запастагы жерлер» категориясынын жайыт жерлер түрүнөн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которуу (трансформациялоо) макулдук берет.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык жүргүзүлсүн.
3. Жогорудагы аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелуу корутундуларды алуу үчүн иш кагаздарды жана Талас райондук жер комиссиясына сунуштоо даярдоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн башсычы З.Төлөевага милдеттендирилсин.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |