КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-ноябры №38/1
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Калба айыл аймактык кеңеши токтом кылат:
1.Талас районундагы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу чечими колдоого алынсын.
2.Калба айыл аймагында Жергетал, Бердике, Калба айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
3.Бириккен айыл аймак Беш-Таш айыл аймагы деп аталсын.
4.Бириккен Беш-Таш айыл аймагынын борбору Кызыл-Туу айылында жайгашсын.
5.Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын, чек араларын, жайыт жер аянттарын, калкынын санын тактоо иштерин райондук мамлекеттик администрациясында түзүлүп жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага жүктөсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Калба айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Сагынбековага милдеттендирилсин.
7.Токтом Талас райондук администратциясынын taiasrai.gos.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |