Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 2549-VII
«2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 1-ноябрындагы чыг. № 19-9971) «2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |