Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июлу №17/3
Жан-Булак айыл аймагында токой участкасынан эс алуу жай куруу жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл аймагынын тургуну Акматов Рахатбекке эс алуу жай куруу сунушун карап чыгып, сессияда талкуулап Нарынрайонунун Жан-Булак айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышындагы ХVII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагынын тургуну Акматов Рахатбекке токой участкасына эс алуу жай уюштурууга айылдык кенештин депутаттары тарабынан макулдук берилсин.
2. Жан-Булак айыл аймагынын тургуну Акматов Рахатбекке эс алуу жай уюштурууга токой участкасынан 0,42га жер аянты беш жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин.
3. Жан-Булак айыл аймагынын тургун Акматов Рахатбекке эс алуу жай уюштурууга токой участкасынан 0,42га жер аянтынын бир жылдык арендасынан туризмди өнүктүрүүгө жана жаш ишкерлерди колдоо максатында бошотулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Б. Ормокеев |