Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 629
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жободо:
- 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору (мындан ары - Фонддор) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин (мындан ары - монополияга каршы органдар) материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иш үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.";
- 2-пункттун экинчи абзацында:
"10" деген цифралар "15" деген цифраларга алмаштырылсын;
"25%га чейинки өлчөмдө" деген сөздөр "25% өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
он биринчи абзацта "директорлорунун" деген сөз "жетекчилеринин" деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- монополияга каршы органдардын жетекчилеринин чечими менен бекитилген жобого ылайык борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине социалдык-тиричиликтик маселелерди чечүүгө, жашоо шарттарын жакшыртууга, анын ичинде турак жай сатып алууга жана курууга кайтарылуучу негизде каражаттарды берүүгө.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ