Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июлу №17/4
Жан-Булак айыл аймагындагы жайыт пайдалануунун планына толуктоо киргизүү токой жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл аймагындагы жайыт пайдалануунун планына толуктоо киргизүү сунушун карап чыгып, сессияда талкуулап Нарын районунунЖан-Булак айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышындагы ХVII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагынын Ак-Кыя участкасына 32,5га жер аянтына өнөр жай жана ишкана уюштуруу багытында, Тээк участкасына 30га жер аянтына өнөр жай жана ишкана уюштуруу багытында, Жаны-Жол участкасына 10га жер аянтына өнөр жай уюштуруу багытына, астынка токой участкасынан эс алуу жай уюштурууга 0,42га жер аянтын иштетүүгө жайыт пайдалануучулар планына толуктоо киргизүүгө айылдык кенештин депутаттары тарабынан макулдук берилсин.
2. Жан-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануу планына толуктоо киргизүү максатында жалпы 72,92га жер аянты жайыт жер багытын өзгөртүп пайдаланууга берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер маселелери боюнча башкы адис А.Жолдошбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Б. Ормокеев |