АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-апрели № 22/6
“Ала-Бука Тазалык ” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо жана ишинин туруктуулугун камсыздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 27-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо, ишинин туруктуулугун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 2512-беренесинен 500000 (беш жүз миң) сом субсидия которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешине маалыматтарды берүү, муниципалдык ишкананын жетекчиси Э.Акматовдун жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Саттаров |