Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/1
Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеӊешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине жана 59-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергииктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “ жөнүндө мыйзамынын 23-беренесине ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышындагы XVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча төмөндөгүдөй көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлсүн:
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ БОЮНЧА
(2 округ, калкынын саны 3434, мандаттын саны 11 анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резерв)
№1 Жан-Булак шайлоо округу, мандаттын саны 9. Анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги: Жан-Булак айылы, А.Белеков көч. №39а.
Борбору: Апсалиев Ташболот атындагы спорт ордосу.
Чек арасы: Жан-Булак айылы, Мамырканов Тезекбай, Осмоналиев Кары, Алмакунов Курманбек, Белеков Акматаалы, Иманалиев Садырбай, Сабыр уулу Сейдилда, Омуралиев Алымкул, Бекбоев Карипдин, Орозбай уулу Сарык, Омур уулу Мукаш, Кенжебай уулу Калы, Шеримбеков Калча, Ынтымак көчөлөрү кирет.
Шайлоочулардын саны: 1797
№2 Достук шайлоо округу (УШК №4056), мандаттын саны 2. Анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги: Достук айылы, Энергетик көч. №19.
Борбору: Достук орто мектеби .
Чек арасы: Достук айылы, Ынтымак, Ырыскы, Энергетик, Алтын-Бешик, Келечек көчөлөрү кирет.
Шайлоочулардын саны: 482.
2. Бул чечим Нарын аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |