Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-ноябры № 710
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 246 "Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн тиешелүү уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды зарылдыгына жараша сатып алууну жүргүзүү ниети жөнүндө макулдашуунун/меморандумдун долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу сатып алынуучу дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата коопсуздукту, сапатты жана натыйжалуулукту камсыз кылуучу минималдуу талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу сатып алынууга тийиш болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмегин сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен түзсүн жана бекитсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |