Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/3
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектүү сессиясынын 2024-жылдын 26-январындагы №12/2 токтомуна ɵзгɵртүү киргизүү жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектуу сессиясынын 2024-жылдын 26-январындагы №12/2 токтомуна ɵзгɵртүү киргизүү максатында айыл өкмөтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектуу сессиясынын 2024-жылдын 26-январындагы №12/2 токтому менен бала бакчалардын тамак ашына бекилген акча каражаттан эконом болуп калган 279 500 (эки жуз жетимиш тогуз мин беш жуз ) сомду жол белги жана килем алууга 63 000 (алтымыш үч мин) сом жана ар кандай чыгымдарга 216 500 (эки жүз он алты мин беш жүз ) сом акча каражаты статьяга тууралап жылдырылсын.
2.Жыл башында калган калдыктынсметасын жылдырып берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы У.Боскунчиевге жана айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |