Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/4
Жан –Булак айыл аймагына караштуу “Кызыл-Бел” , Кара Секи участкасынан кызыл топурак , кызыл шагыл алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жана тарифин бекитүү жөнүндө
Жан –Булак айыл аймагына караштуу “Кызыл-Бел” , Кара секи участкасынан кызыл топурак , кызыл шагыл алуу үчүн карьер ачуу жана тарифин бекитүү боюнча “Эделвейс ” муниципалдык ишканасынын жетекчисиснин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык кещешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
2. Жан-Булак айыл тургундарына курулуш материал катары топурак алуу үчүн Жан-Булак айылынын Кызыл-Бел участкасынан кызыл топурак алууга № 2690 контурундагы 0,30га жер аянты , Кара секи участкасынан кызыл шагыл алуу үчүн №757 контурундагы 0,30 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Жан-Булак айыл аймагындагы «Кызыл -Бел » участкасындагы № 2690 контурундагы 0,30га , «Кара -Секи »участкасындагы № 757 контурундагы 0,30 га жайыт «айыл чарба багытындагы жерлер »категориясынан Өнөр жай категориясына которууга макулдук берилсин.
4. Жан –Булак айыл аймагына караштуу “Кызыл-Бел” , Кара Секи участкасынан карьерлерден кызыл топурак , кызыл шагыл алуу 1м.куб га болгон тарифи 60 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин
5. Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |