Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 5-октябры № 26/1

 

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 61-беренесинин негизинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Атамкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXVI-сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 19-сентябрындагы №223-б буйругу аткарууга алынсын.

  2. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топту түзүү айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн. 

3. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү Ала-Бука айыл аймагындагы алты шайлоо округдарында 17-18-19-октябрь күндөрүнө белгиленсин.

4. Токтомду  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына     жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин. 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну, өзүмө калтырамын.

 

  

Айылдык кеңешинин төрагасы          

А.Умаров