КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 2
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Эркин-Тоо айлына муниципалдык бала бакча ачуу жөнүндө
Эркин-Тоо айлынын Ж.Эсеналиев көчөсүндөгү жашоочуларынын азыркы замандын талабына ылайык жана зарылчылыгын, жарандардын кайрылууларын эске алуу менен Жунусмаматов Уларбектин менчик үйүнө бала бакча ачууга шарты бар болуп өзүнүн демөөрчүлүгү менен кайрылуусунун негизинде Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7 шайланган 15 сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Эркин-Тоо айлынын Ж.Эсеналиев көчөсүнө элдин суроо талабын эске алуу менен Жунусмаматов Уларбектин берген арызынын негизинде муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Ачылып жаткан бала бакчага “Алима ажы Эне” ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдк Кенештин Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кенешинин төрагасы |
| Т. Темиралиев |