Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/6
«Ак кыя » участкасындагы 32,5 га жер аянтын которуу (трансформациялоо ) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө » №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык ,Жан-Булак айылдык кенешинин ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат :
1. Жан-Булак айыл аймагындагы «Ак кыя » участкасындагы № 1933, №1937, №1938, № 1945 контурундагы 32,5 га жайыт «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан Өнөр жай ,траспорт ,байланыш ,коргоо жана башка категориясына которууга макулдук берилсин.
2 .Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jan-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармасына жөнөтүлсүн .
Төрага |
| Б. Ормокеев |