Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

 

2024-жылдын 16-январы № 4

 

Кызыл-Тоо айлынын жакыр үй бүлөөлөрүнө үй курууга жер участок бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Тоо айлынын үй-жайы жок, көп балалуу жана инвалид жарандарга,алардын турмуш шарты оор абалда экендигин жана алардын көп жылдык кайрылууларын эске алып.Кызыл-Тоо айлынын ичинен калктуу конуштагы башкы пландагы жерден, үй курууга жер участок бөлүп берүү максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7 чакырылыштагы 15 сессиясы угуп жана талкуулап токтом  кылат:

 

1.Кызыл-Тоо айлынын күн батыш тарабындагы Т.Исмаилов көчөсүндөгү калктуу конуштагы башкы пландагы жерден бардыгы 0,15 га жер участогу 0,05га жер тилкесинен үй курууга жер участогу бөлүнүп берилсин.

   

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мыйзамдаштыруу жагы Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Жер ресурстар кызматы Өзгөн филиалынан суралсын.

 

3.Айыл өкмөтүнөн даярдалуучу документтерди айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Мурзакматовго тез арада даярдап жагы тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык  

Кенешинин төрагасы

 

Т. Темиралиев