Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-ноябры № 2527-VII
"Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 30-сентябрындагы чыг. № 18-8672) "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, фракцияларынын, депутаттык топторунун жана депутаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата корутундусунда көрсөтүлгөн сунуштамаларды карап чыксын жана алар боюнча мыйзам долбоорунун экинчи окуусуна карата сунуштарды берсин;
2. төмөнкүлөргө каражат карасын:
- 15,0 млн. сом суммасында кохлеар аппараты үчүн запастык бөлүктөрдү сатып алууга;
- шишикке каршы жана онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн таргеттик препараттарды сатып алууга;
- жүлүн-булчуң атрофиясын (ЖБА) дарылоо үчүн препараттарды сатып алууга.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н.Т. Шакиев |