Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

 

2024-жылдын 16-январы № 6

 

Эркин-Тоо айылында иштей баштаган таза сууга

“Таза суу муниципалдык ишканасынын” штаттык бирдигин бекитип жөнүндө

 

Эркин-Тоо айлында таза суу программасы ишке ашып, калк пайдалануучу таза сууга эсептегичтери орнотулгандыктан ал жердеги иштеп жаткан Таза суу ишканасына жумушчулар үчүн эмгек акы төлөөгө жана жумушка алуу үчүн штаттык бирдикти бекитип берүү максатында Айылдык Кеңештин 7 шайланган 15 сессиясы токтом кылат:

 

1.Эркин-Тоо айлында калк пайдаланып жаткан таза сууга суу эсептегичтери орнотулгандыгы үчүн жумушчуларды кабыл алууга Таза Суу муниципалдык ишканасынын сметасынын негизинде штаттык бирдиги бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Финансы жана Экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык  

Кенештин төрагасы

 

Т. Темиралиев