Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 28-138
Үч-Коргон айыл аймагындагы чарбалык каналдарды Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагындагы жайгашкан чарбалык каналдар тууралуу айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан “Мандалак”, “Маматбай”, “Адилет”, “Ак терек”, “Максат”, “Береке” СПАлары колдонуп жүргөн чарбалык каналдары Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн тиешелүү иш чаралар жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы Р.Боронбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Жакыпбеков |