Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 28-139
М. Рахманбердиев орто мектебинин түрткү берүүчү грант менен болуп жаткан ремонт иштери жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу М.Рахманбердиев орто мектебинин түрткү берүүчү грант менен жылытуу системасын алмаштыруу иштери жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу М.Рахманбердиев орто мектебинин түрткү берүүчү грант менен жылытуу системасын алмаштырууда сметада каралбай калган иштерине 430 000 (төрт жүз отуз миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Т.Джусупбековага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрайымы А.Мамажановага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Жакыпбеков |