Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 20-9-1
“Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Майлуу-Суу жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.08.2023-жылындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ № 215 Жарлыгы менен бекитилген “ Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобого, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына” ылайык, Майлуу-Суу жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын XX кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10-00 дө шаардык Маданият үйүндө өткөрүү белгиленип чакырылсын.
2.Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиясы № 1 тиркемеге ылайык, жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери жана өткөрүү графиги № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана аппарат жетекчисине тапшырылсын.
6. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеӊештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы | Н.Бостонов |
№1-Тиркеме
Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 5-октябрындагы
№ 20-9-1 токтомуна
Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы
мүчөлөрү:
башкаруусунун (ТОС) төрайымы;
башкаруусунун (ТОС) төрайымы;
Шаардык Кеңештин төрагасы Н.Бостонов
№2-Тиркеме
Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 5-октябрындагы
№ 20-9-1 токтомуна
Өкүлчүлүктү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси
п/н | Аймактык башкармалыктардын жана коомдук өз алдынча башкаруулардын аталышы | Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын А.А.А. | Эскертме |
1 | Көк-таш АБ | Масиров З.К. Асанов У.Э. |
|
2 | Бедре-Сай АКӨБ (ТОС) | Токтогулов Д.А. Канаев Н.М. |
|
3 | Сары-Бээ АБ | Кебекбаев А.Р. Камчибеков М.М. |
|
4 | Кашка-Терек АКӨБ (ТОС) | Сарбашева Г.Т. Кучурбаева С.Ж. |
|
Шаардык Кеңештин төрагасы Н.Бостонов
№3-Тиркеме
Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 5-октябрындагы
№ 20-9-1 токтомуна
Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны
п/н | Аймактардын аталышы | Өкүлчүлүктүн нормасы | Катышуучулардын саны | |
1 | Сары-Бээ АБ |
| 25 | |
2 | Көк-Таш АБ |
| 25 | |
3 | Кашка-Терек АКБ (ТОС) |
| 50 | |
4 | Бедре-Сай АКБ (ТОС) |
| 50 | |
Жалпы | 150 | |||
|
|
|
|
|
Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны – 150 катышуучу
Шаардык Кеңештин төрагасы Н.Бостонов
№4-Тиркеме
Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 5-октябрындагы
№ 20-9-1 токтомуна
Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдари жана өткөрүү графиги
п/н | Жыйын өтүүчү аймактар | Өтүүчү жай, убактысы (сааты) | Жооптулар | Катышуучулар | Эскертме |
1 | Сары-Бээ | 21-октябрь, саат 10-00, №3 ОМ | К.Сагындыков, Мэриянын уюштуру комитети | Н.Бостонов, шаардык Кеңештин жооптуу депутаттары, жумушчу комиссия | № 3орто мектептин жана № 3 ҮДТ (ГСВ) жамааттары уюштурууга көмөктөшөт |
2 | Кашка-Терек | 21-октябрь, саат 14-00, МҮ | С.Нурмаматова Мэриянын уюштуру комитети | Н.Бостонов, шаардык Кеңештин жооптуу депутаттары, жумушчу комиссия | МҮ (ДК), жана башка уюмдардын жамааттары уюштурууга көмөктөшөт |
3 | Бедре-Сай | 22-октябрь, саат 10-00, № 5 ОМ | А.Каримова, Мэриянын уюштуру комитети | Н.Бостонов, шаардык Кеңештин жооптуу депутаттары, жумушчу комиссия | № 5 ОМ жана башка уюмдардын жамааттары уюштурууга көмөктөшөт |
4 | Көк-Таш | 22-октябрь, саат 14-00, № 7 ОМ | А.Алымбеков, Мэриянын уюштуру комитети | Н.Бостонов, шаардык Кеңештин жооптуу депутаттары, жумушчу комиссия | № 7 ОМ жана башка уюмдардын жамааты уюштурууга көмөктөшөт |
Шаардык Кеңештин төрагасы Н.Бостонов