Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36-отуруму

 

 

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын жетекчиликке алып, Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Ош облусунун Алай районуна караштуу К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын.

2. Үч-Төбө жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөттөрү бириктирилип, Сопу-Коргон айылы административдик борбор деп аныктоо менен К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагы деп аталсын.

3. Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөттөрүндө административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча уюштуруу чаралары көрүлсүн.

4. Бул токтом расмий түрдө rayken.kg сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев