Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 28-144
Уч-Коргон айылындагы муниципалдык менчикти – айыл чарба продукцияларын тондуруп жана сактоого керектуу жабдууларды ижарага берүү жана пайдалануу жѳнүндѳ
Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Уч-Коргон айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл аймагынын Уч-Коргон айылында Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Уч-Коргон айылына айыл чарба продукцияларын тондуруп жана сактоочу жай уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү Жобо 8-бөлүм менен толукталып бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Акимбаевке. жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия төрагасы Ж.Жанузаковго ташырылсын.
Төрага |
| А. Жакыпбеков |