Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/10
Жан-Булак айыл аймагындагы Ат-Башы гидроэлектростанциясына алып баруучу өткөөл жол жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" №37 мыйзамынын 3-бɵлүгүнүн 10-жана 11-беренелерине ылайык Ат-Башы гидроэлектростанциясына (ГЭС) баруучу жол боюнча айылдык кенештин тɵрагасынын билдирүүсүн угуп чыгып жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVIII кезектүү сессиясы токтом кылат :
1. Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылындагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн балансында турган Ат-Башы гидроэлектрстанциясы(ГЭС) баруучу жолду пайдаланууну Ат-Башы гидроэлектрстанциясы гана жүргүзгɵндүктɵн , Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн балансасынан чыгарылып, Ат-Башы гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) мекемесинин балансасына ɵткɵрүп берүү актысына ылайык ɵткɵрүп берилсин
2. Ат-Башы гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) мекемесинин балансасына ɵткɵрүп алуу боюнча иешелүү документтерди даярдоо жагы Ат- Башы гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) мекемесинин жетекчисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл аймагынын жер адиси А.Жолдошбековго милдеттендирилсин.
4 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.
Төрага |
| Б. Ормокеев |