МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 20-9-4
Майлуу-Суу шаарынын спорттук обьектилерин оңдоого Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында гранттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашырууда, жергиликтүү бюджеттен өздүк салымын каржылоо үчүн 616 000 (алты жүз он алты миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 29.09.2023-жылындагы №01-14-504, сандуу кайрылуу катын, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІⅩ чакырылышынын ⅩⅩ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэринин биринчи орун басары Н.А.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында гранттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашырууда, шаардык стадионуна чуркоо жолунун 20% өздүк салымына 264 000 (эки жүз алтымыш төрт миң) сом жана шаардык спортзалды жылытуу системасын орнотууга 37,5% өздүк салымына 352 000 (үч жүз элүү эки миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н.Бостонов |