Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-октябры № 2416-VII
Кыргыз Республикасында мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарында билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, педагогикалык багыттагы адистерди даярдоо, билим берүү объекттеринин курулушу, билим берүү кызматкерлерин колдоо жана шыктандыруу боюнча маселелер дайыма көтөрүлүп турат.
Кыргыз Республикасында мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
- мамлекеттик бюджетти түзүүдө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жалпы билим берүүчү мектептердин жаңы имараттарын жана кошумча корпустарын курууга финансы каражаттарын караштырсын;
- мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү жетекчилердин жана кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүү маселесин карасын;
- окуу китептерине муктаждыктарга мониторинг жүргүзсүн жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жалпы билим берүүчү мектептердин суроо-талаптарына жараша аларды бөлүштүрүү боюнча чараларды көрсүн;
- дене тарбиялык реабилитация боюнча адисти, педагог-психологдорду, дефектолог-мугалимдерди, логопед-мугалимдерди, коррекциялык педагогика боюнча адистерди даярдоо боюнча окуу программаларын кайра карап чыксын;
- "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобонун 18-пунктуна айыл жериндеги жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде) класстын толушунун минималдуу ченемин азайтуу жагында өзгөртүү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине:
- Алтай Осмонов атындагы № 38 жалпы билим берүү орто мектебин, Акун Тарыхчиев атындагы № 45 жалпы билим берүү орто мектебин, "Кыргоо" атындагы № 46 жалпы билим берүү орто мектебин, Маман Кадыров атындагы № 50 орто мектебин жабууну үч окуу жылына токтотуп турсун;
- "Мектепке чейинки тарбиялоо жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгууда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуунун негизги тили болуп мамлекеттик тил эсептелсин;
- менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында "кыргыз тили" сабагын киргизүүнү өзгөчө контролго алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик тилде окутууга туруктуу мониторинг жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө 2025-жылдын 15-июнуна чейин квартал сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берип турсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |