ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш Кезексиз сессия
2023-жылдын 06-октябрындагы № 68/VIII–2
Жер участогун которуу (трансформация) жөнүндө
Орто айыл аймагынын №551 контурундагы, жалпы аянты 0,15 гектарды түзгөн жер тилкесинин категориясын которуштурууга кароо үчүн берилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресустары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Панфилов филиалынын 2023-жылдын 08-июнь айындагы №707-2023-5802 корутундусун жана Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 06-сентябрында иштелип чыккан №435 жер участогунун планын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 13 жана 14-пункттарын жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. Орто айыл аймагынын №551 контурундагы, жалпы аянты 0,15 га жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын жайыт жерлер түрүнөн айыл чарба эмес түрүнө (курулуш алдындагы жерлер) которулушуна макулдук берет.
2. Кабыл алынган токтом Орто айыл өкмөтү тарабынан эске алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |