ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш XIII-сессия
2023-жылдын 28-июлундагы № 60/VIII–XIII–1
«Акжолтой Ресорсес» Тоо инвестициялык компаниясы ЖЧКсынын “Убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкесинин аянтын кыскартуу жөнүндө” кайрылуусун кароо
Орто айыл аймагына тиешелүү “Насоновское” кени жайгашкан 423,57 га жерди “Акжолтой Ресорсес” Тоо инвестициялык компаниясынын “Убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкесинин аянтын кыскартуу жөнүндө” 2023-жылдын 17-июль айындагы №40 кайрылуу катын карап чыгып, 2022-жылдын 22-август айында берилген №2110АЕ «Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген Лицензиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. “Акжолтой Ресорсес” Тоо инвестициялык компаниясы ЖЧКсынын 2023-жылдын 17-июль айындагы №40 “Убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкесинин аянтын кыскартуу жөнүндө” кайрылуу каты колдоого алынсын.
2. “Акжолтой Ресорсес” Тоо инвестициялык компаниясы ЖЧКсына “Насоновское” кени жайгашкан территориядан инфраструктуралык объектилерди курууга берилген 303,73 га жер тилкесинен 245,18га кыскартылып, 58,55 га жер тилкесин колдонууга макулдук берилсин.
3. “Акжолтой Ресорсес” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ж.Момуналиевге жүктөлсүн жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Джумагулов А.К. тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |