ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш IX-сессия
2023-жылдын 23-январындагы № 49/VIII–IX–5
«Жаран Долотова Гульзат Эсенжоновнанын арызын кароо боюнча»
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Тельман айылынын, Карыпбай көчөсүнүн №14 үйүнүн жашоочусу Долотова Гульзат Эсенжоновнанын 2023-жылдын 10-январь айындагы “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан 1,8 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын №34 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Тельман айылынын, Карыпбай көчөсүнүн №14 үйүнүн жашоочусу Долотова Гульзат Эсенжоновнанын 2023-жылдын 10-январь айындагы “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан 1,8 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Долотова Гульзат Эсенжоновна, Кальчаева Нурзада Эсенжановна жана Долотова Айпери Нурлановна мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы кайрак жердин ордуна берилген 1,8 гектар кайрак үлүш жер тилкелери жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Долотова Гульзат Эсенжоновнага, Кальчаева Нурзада Эсенжановнага жана Долотова Айпери Нурлановнага жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 1,8 гектар сугат үлүш жер тилкелерине тиешелүү токтом чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Момуналиевке жүктөлсүн.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |