Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

VIII-чакырылыш IX-сессия

 

2023-жылдын 23-январындагы № 47/VIII–IX–3

 

«Жаран Орозалиева Кулкан Оморовнанын арызын кароо боюнча»

 

Чүй облусунун, Панфилов районунун, Тельман айылынын, Айтымбет көчөсүнүн №4 үйүнүн жашоочусу Орозалиева Кулкан Оморовнанын 2023-жылдын 18-январь айындагы “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан сугат жердин ордуна колдонулуп жаткан 1,2 гектар айдоо кайрак үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын №34 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык Кеӊеши

 

Токтом кылат:

 

1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Тельман айылынын, Айтымбет көчөсүнүн №4 үйүнүн жашоочусу Орозалиева Кулкан Оморовнанын 2023-жылдын 18-январь айындагы “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан сугат жердин ордуна колдонулуп жаткан 1,2 гектар айдоо кайрак үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.

2. Жарандар: Дуйшогулов Мыктыбек Ажымудинович, Орозалиева Кулкан Оморовна жана Дуйшогулова Роза Мыктыбековна мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба  багытындагы сугат жердин ордуна берилген 1,2 гектар кайрак үлүш жер тилкелери жеке менчикке бекитилип берилсин.

3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Дуйшогулов Мыктыбек Ажымудиновичке, Орозалиева Кулкан Оморовнага жана Дуйшогулова Роза Мыктыбековнага жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 1,2 гектар кайрак үлүш жер тилкелерине тиешелүү токтом чыгарылсын.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Момуналиевке жүктөлсүн.

 

 

Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы:

 

К.Мырзагелдиев