Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 18-сессиясынын
2023-жылдын 25-январы № 18-15
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин редакциясына ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин редакциясына ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна негиз,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин редакциясына ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын аткарылышын мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |