Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-январындагы № 43/VIII–VIII–1
«Акжолтой Ресорсес» Тоо инвестициялык компаниясы ЖЧКсынын “Убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуусун кароо
Орто айыл аймагына тиешелүү “Насоновское” кени жайгашкан 423,57 га жерди “Акжолтой Ресорсес” Тоо инвестициялык компаниясынын “Убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, 2022-жылдын 22-август айында берилген №2110АЕ «Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген Лицензиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. “Акжолтой Ресорсес” Тоо инвестициялык компаниясы ЖЧКсынын 2022-жылдын 16-декабрындагы №19 “Убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуу каты канаттандырылсын.
2. “Акжолтой Ресорсес” Тоо инвестициялык компаниясы ЖЧКсына “Насоновское” кени жайгашкан территориядан 119,84га тоо-кен бөлүндүсүнө, 303,73га инфраструктуралык объектилерди курууга жер тилкелери 2025-жылдын 31-декабрына чейин берилсин.
3. Экономиканы көтөрүү боюнча жардам көрсөтүү талаптарын, социалдык пакеттин суммасын бекитүү үчүн “Акжолтой Ресорсес” Тоо инвестициялык компаниясы ЖЧКсынын өкүлү кийинки сессияга катышуусу белгиленсин.
4. “Акжолтой Ресорсес” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ж.Момуналиевге жүктөлсүн жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Джумагулов А.К. тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |