Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 18-ноябры ПТ № 269
Жарандардын руханий потенциалын жана диний агартуусун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, диний сабырдуулукту чыңдоодо мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду "Ыйман" коомдук фонду болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| С.Н. Жапаров |