Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын
2023-жылдын 16-марты № 20-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-таза-суу» ишканасынын 2022-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2023-жылга тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2022-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетунжана 2023-жылга алынуучу салыктын тарифин бекитүү жөнүндөгү маселени жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2022-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
· А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 14 (он төрт) сом 14 (он төрт) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
· Б-жеке түтүкчөлөрү бар эсептегичи жок үй ээлерине ар бир жанга Шевелевдин таблицасынын негизинде л-сек. 13 (он үч) сом 47 (кырк жети) тыйындан баа бекитилсин.
· В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 17 (он жети) сом 51 (элүү бир) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
3. Үйлөргө киргизилген суу түтүгүнө Шевелевдин таблицасынын негизинде 1 м3 суунун наркы 13 (он үч) сом 47 (кырк жети) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
4. Башкы суу түтүгүнөн үйлөргө суу киргизүү үчүн техникалык кызмат акысы 3000 (үч миң) сом тарифинде бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Ажибаев |