КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 14
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Доңуз-Тоо айлынын тургундарын суроо талаптарын аткаруу максатында кичи автобус алып берүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Доңуз-Тоо айлында башталгыч мектеп жайгашкан. Доңуз-Тоо менен Кызыл-Тоо айылынын аралыгы 6 чакырымды түзөт. 4-класстан 11- класка чейинки мектеп окуучулары №9 Кызыл-Тоо орто мектебине келип окушат. Окуучулар Кызыл-Тоо орто мектебине келип билим алып кетүүгө жолдун алыстыгынан, жаан-чачын мезгилинде өзгөчө кыш, жаз мезгилдеринде оор кыйынчылыктарды жаратып, ынгайсыз абалдарды жаратууда. Ошондуктан Доңуз-Тоо айылынын тургундарынын суроо талаптарын аткаруу максатында кичи автобуз алып берүү жөнүндө арыздарын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо Айылдык кеңешинин 7-чакырылыш депутаттарынын кезектеги 15-сессиясынын токтом кылат:
1. Доңуз-Тоо айылынын мектеп окуучуларынын №9-Кызыл-Тоо орто мектебине билим алып кетүү үчүн, аларды ташып келүү кайра жеткирүү максатында кичи автобус сатып алуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Каражатты мыйзам чегинде документтерди бүкөрүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Кадыровго жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-экономика боюнча туруктуу коммисияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. Темиралиев |