Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 15
Кызыл-Тоо айлында жаңы ачылып жаткан спорт комплекске каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айлында жеке демөөрчү тарабынан жаштарды колдоп, алардын келечегине кам көрүү менен жаны курулган спорт комплексин муниципалдык менчикке өткөрүп берип жаткандыктан, капиталдык ремонту жана эмеректерди сатып алуу үчүн Айылдык Кеңештин 7 чакырылыш 15 сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Кызыл-Тоо айлында жеке демөөрчү тарабынан курулган спорт комплекси муниципалдык менчикке кабыл алынсын жана капиталдык ремонтуна, эмеректериди алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Фининсы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кенештин төрагасы |
| Т. Темиралиев |