КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 23
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы айыл тургундарын турак жай менен камсыздоо үчүн түзүлгөн программаны бекитүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы айыл тургундарын турак жай менен камсыздоо үчүн №9 2024-жылы 12-январда түзүлгөн программаны бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7-шайланган 15-сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы айыл тургундарын турак жай менен камсыздоо үчүн №9 2024-жылдын 12-январда түзүлгөн программасы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык Кенештин төрагасы |
| Т. Темиралиев |
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин сессиясында бекитилди
Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин торагасы_________ Т. Темиралиев
“____” “______” 2024-жыл
Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши Өзгөн району
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча
ПРОГРАММАСЫ
Ош облусунун
Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылдык Кенеши
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШ ОБЛУСУ ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ
ӨЗГӨН РАЙОНУ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛ ӨКМӨТҮ СЕЛЬСКАЯ УПРАВА
КЫЗЫЛ-ТОО
Кызыл-Тоо айылы Т.Асыранов көчөсү 44 Село Кызыл-Тоо, улица Т.Асыранова 44
Тел.: 03233 6-00-05 Тел.: 03233 6-00-05
ИНН 00906200410150 ИНН 00906200410150
Өздүк эсеп: 4407021001001589 Расч.счет 4407021001001589
БИК: 440702 Борбордук Казына БИК: 440702 Центральное Казначейство
Кызыл-Тоо айылы №____ “____”________2024-ж.
1. Кириш сөз
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы (мындан ары – Программа) аймакта туруктуу отурукташкан жарандардын социалдык жактан муктаждыктарын чечүү жана алардын жашоо деңгээлин көтөрүү, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдарынын (айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү) ролун көтөрүү максатында иштелип чыкты.
Программада Кызыл-Тоо айыл аймагы боюнча жалпы маалымат, аймакта туруктуу жашап жана иштеп жаткан, ошондой эле аталган аймакка орун-очок алуу максатында көчүп келген жарандардын жер участкаларына болгон муктаждыгы белгиленип, аларды жер участкалары менен камсыз кылуу жана турак жайларды куруу иш-чараларына көмөк көрсөтүү жагына өзгөчө басым жасалды.
Мындан сырткары, Программада которулган (транформацияланган) жер участкасын жарандардын, анын ичинен жерге муктаж болгон жаштардын жеке менчигине Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте өткөрүп берүү жана социалдык объекттердин курулушуна да жер участкаларын бөлүү ошондой эле келечекте аталган программанын аткарылышынын жыйынтыктары белгиленди.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы айылдык Кеңештин сессиясында каралып, жактырылды жана аталган Программа айыл аймактын өнүгүү стратегиясынын негизги этабы болуп эсептелип, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана социалдык маселелерди ыраттуу чечүүгө багытталган.
2.Айыл аймак жөнүндө жалпы маалымат
1) Кызыл-Тоо айыл аймагынын жаратылыш-климаттык абалы:
Кызыл-Тоо айыл аймагы Өзгөн районунун борборунан 30км, облустун борборунан 90км, темир жол станциясынан 78км аралыкта жайланышкан. Аймактын климаты кескин континенталдуу, кышы кыска, суук, жайы узак, кургак, ысык келет. Кар катмарынын пайда болушу декабрдын экинчи жарымына туура келет. Кызыл-Тоо айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1400метр бийиктикте турат. Чарбанын топурак катмары-коңур, шалбалуу боз топурак, өрөөндүү типтүү боз топурак.
2) Кызыл-Тоо айыл аймагынын географиялык абалы:
Кызыл-Тоо айыл аймагы түндүк тарабынан тоолор жайгашкан, чыгыш тарабынанн Салам –Алик айыл аймагы менен, түндүк-чыгыш таорабында Жазы дарыясы менен, түндүк-батыш тарабынан Жазы айыл аймагы менен чектешет.
3.Айыл аймактын социалдык-демографиялык абалы
1.Кызыл-Тоо айыл аймагындагы калктуу конуштардын саны.
Кызыл-Тоо айыл аймагы 5 калктуу конуштан турат, алар; Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Ак-Кыя, Карчабек, Доңуз-Тоо айылдары.
2.Кызыл-Тоо айыл аймагында калктын саны 10617адамды же 1736 үй бүлөөнү түзөт.
Айыл аймакта баардыгы болуп 10617адам, анын ичинен эркектер 5400, 5263 аялдар жашайт. Аймакта өздүк чарбалардын саны 1740 үй бүлөөнү түзөт.
. Өтө оор жакырчылыкта 190 үй бүлөө , орто жакычылыкта 82 үй бүлөө жашайт. Бүгүнкү күндө турак жайга муктаж болгон үй бүлөөлөрдүн жалпы саны 563түзүп, анын ичинен жаш үй бүлөөлөрүн саны 241га жетет.
4.Аймактагы айыл чарба жер ресурстары боюнча маалыматы
1) Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы курамы.
Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы көлөмү 4850га, жана ал 1193га айдоо жерлеринен 402га сугат айдоо жерлери, 791га кайрак айдоо жери) 1456га чөп чабындыдан жана 2201га жайыттардан турат.
2. Кызыл-Тоо айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги жерлери боюнча маалымат.
Айыл аймакта муниципалдык менчикте бардыгы болуп 42га жер участогу катталган , алар Кызыл-Тоо Ак-Кыя, Эркин-Тоо, Карчабек, Доңуз-Тоо айылдарынын аймагында жайгашкан.
3.Өздүк чарба жүргүзүү үчүн жарандардын жер участкасына болгон муктаждыгы.
Кызыл-Тоо айыл аймагы боюнча жеке турак жай куруу үчүн биринчи кезекте 232 үй-бүлөө жер участкасына муктаж. Жер участкасына муктаж жарандар айыл аймактын Кызыл-Тоо Ак-Кыя, Эркин-Тоо, Карчабек, Доңуз-Тоо айылдарында жашашат.
Мындан сырткары айылдын тургундарынын жылдан жылга өсүү темпин эске алып айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунан 23,24га жер участогу айылдарды кеңейтүү максатында каралган., анын ичинен Кызыл-Тоо айылына 5,37га , Ак-Кыя айылына 10,19га, Эркин-Тоо айылына 7,68га, жер участогу аныкталды.
Мындан сырткары бүгүнку күндө алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде айылдарды кеңйтүү үчүн дагы 60га жер участогу керектелет.
4.Которула (трансформациялоо) турган жер участкасы боюнча маалымат.
Кызыл-Тоо айыл аймагы боюнча жеке турак жай куруу үчүн 280үй-бүлөөнүн жер участогуна болгон муктаждыктарын эске алып биринчи этапта аймактын Ак-Кыя айылындагы №2, 266, 268, 270, Кызыл-Тоо айылындагы № 195, 233, 246 Карчабек айылындагы 570, Эркин-Тоо айылындагы №652, 645, 652, №642, 1069, контурларынын ичинде жайгашкан 15,93 га жайыт жер аянтын, Карчабек айылындагы №571, Эркин-Тоо айылындагы 644, 1055, 639 контурларынын ичинде жайгашкан 5,91 чөп чабынды жер аянтын, Кызыл-Тоо айылындагы №69, ЭркинТоо айылындагы № 1053 бадал жер аянтын жалпысы 23,24га бөлүп беүү жагы пландалып , бул участкалар “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуп (трансформациялоо) жер участкасына өтө муктаж болгон үй бүлөөлөргө бөлүп берүү каралууда.
Мындан сырткары которула турган жер участогуна 3 сквер (балдар ойноочу аянтча), 4 соода сатык дүкөндөрүнүн жана коомдук ишканалардын курулушу пландалууда.
5.Жер участкаларын өздүк чарба жүргүзүү үчүн бөлүүдө жарандардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Турак жай курууга жер участкаларын алууда жарандардын милдеттери -турак жай куруу үчүн жер участкасын которууга (транцформация) арыз берүү;
- жер участкасына турак жай куруу , өздүк чарба куруу үчүн арыз беүү;
-жер участкасын которулууга ( трансформация) кылганга чейин курулуш иштерин баштабоо;
- жер участкаларын алгандан кийин , башкы планда көрсөтүлгөн тартипте райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнүн чийип берген схемасына ылайык курулуш иштерин баштоо.
6.Программаны аткарууда орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору
1.Жер участкаларын алууда орун алган көйгөйлөр;
- айыл өкмөтүндө 30 жылдан бери же башкача айтканда 1994-жылдан баштап ушул мезгилге чейин (трансформация) “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “калктуу конуштардын жерлерине” которула элек;
-турак жай куруу үчүн бериле турган жер участкасын которуу (трансформация) маселенин өз убагында чечилбеши;
-жер участкаларын алууга укугу бар жарандардын тизмесин тактоо, анын ичинен биринчи кезекте алуу укугуна ээ болгон жарандардын тизмесин калыс аныктоо;
-жер участкаларын алууда тиешеси аз, же болбосо таптакыр тиешеси жок документтерди топтоо жана өткөрүү;
-документтерди кароо учурунда орун алган административтик бюрократиялык тоскоолдуктар жана себепсиз убаракерчиликтерди жаратуу;
-жер участкаларын алууга тиешелүү документтерди даярдоо учурунда өз алдынча башкаруу жана маммлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн коррупциялык элементтердин орун алышы;
2. Турак жай курууда орун алган көйгөйлөр;
-Башкы планды өз убагында райондук архитектура жана курулуш бөлүмүндө бекитилбеши;
-башкы планга бекитилгенге чейин жана райондук архитектура жана курулуш бөлүмү тарабынан турак жайдын схемасы даярдалганга чейин жарандардын турак жай курулушун жүргүзүүгө кириши;
-жарандардын турак жай курулушун өз билемдик тартипте баш аламандык менен жүргүзүүсү;
-жогорудагы көйгөйлөрдү убагында чечүү иш-чаралары программанын аткарылышына өбөлгө түзөт
7.Программаны аткаруу жыйынтыктары жана жетишкендиктери
1.Жарандардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш-чараларды кыйшаюсуз өз тартибинде аткаруусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.
Жарандардын жер участкаларын алып, жер участкаларына турак-жай куруу укугуна ээ болуусу, бир үйдө көп үй-бүлөөлөрдүн бир жашап жатып, жер участкаларын алгандан кийин, үй-куруп, өздөрүнчө тиричилик кылууга багыт алуусу, үй-бүлөөлөрдүн турак жайдын жоктугунан ажырашуу мисалдарынын азаюсу, айыл аймакта кожолуктун, калктын санынын көбөйүүсү, жер салыктарынын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушу көздөгөн топтолушу көздөгөн жетишкендиктерге алып келет.
Башчы: С.Абдыкадыров