Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/13
Жан –Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак айылына бакча салууга жер аянтын чечип берүү жөнүндө
Коомдук ишмер Турсунбеков Чыныбай Акунович атындагы бакча салуу боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак айылындагы А.Белеков көчөсүндɵ жайгашкан айыл ɵкмɵтүнɵ тиешелүү № 4050710010590 кодундагы муниципалдык жер аянтына бакча курууга 0,21 га жер тилкеси бɵлүнүп берилсин.
2. Жан-Булак айылына салынуучу бакчага коомдук ишмер Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин ысымы ыйгарылсын .
3. “Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин бакчасы” куруу үчүн жер аянтынын иш
кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы
адиси А.Жолдошбековго тапшырылсын.
4. Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына
милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |