Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/14
Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылдык клубунун аянтына чакан футбол аянтчасын курууга 1591 ч.м жер тилкесин бɵлүп берүү жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук айылдык клубуна тиешелүү болгон 4-05-06-1001-0131 кодунда турган жер аянтына чакан футбол аянтчасын курууга 1591 ч.м жер тикесин бɵлүп берүү жɵнүндɵ Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук айылдык клубуна тиешелүү болгон 4-05-06-1001-0131 кодунда турган жер аянтына чакан футбол ойноочу аянтча курууга 1591 ч.метр жер тилкеси бɵлүнүп берилсин.
2. Чакан футболдук аянтча куруу үчүн жер аянтынын иш кагаздарын бүткөрүү жагы Достук айыл башчысы А.Турсунбековго , айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Жолдошбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |