Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/15
Жан-Булак айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2024-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Апсалиев Ташболот атындагы спорт комплексинин ондоп түзөөдөн өткөрүү жана тегерегин тосуу максатында Республикалык дем берүүчү гарнттка сунуштоо жана 30% өздүк салымын бөлүп берүү тууралуу Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 1 181 800 (бир миллион бир жүз сексен бир мин сегиз жүз) сомду түзгөн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Апсалиев Ташболот атындагы спорт комплексти ондоп түзөөдөн өткөрүү жана тегерегин тосуу боюнча долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен354 600 (үч жүз элүү төрт мин алты жүз) сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
3. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевге жана бөлүм башчы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |