Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 20-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга тарифин бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга тарифин бекитип берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 1-апрелинен тарифи Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын ар бир кожолугунан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу үчүн бир айга 100 (жүз) сомдон бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы соода түйүндөрдүн катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу үчүн бир айга 150 (бир жүз элүү) сомго бекитилсин.
3. Чогулган таштанды жыйымынан түшкөн акча каражатын сарамжалдуу пайдалануу “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Авазовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |