Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/16
Жан-Булак айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2024-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагына Жан-Булак айылында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдөн өткөрүү максатында Республикалык дем берүүчү гарнттка сунуштоо жана 30% өздүк салымын бөлүп берүү тууралуу Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 1 481 500 (бир миллион төрт жүз сексен бир мин беш жүз) сомду түзгөн Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдүн өткөрүү боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен444 450 (төрт жүз кырк төрт мин төрт жүз элүү ) сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
3. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевге жана бөлүм башчы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |